Бишкек–Кара-Балта жолун калың туман каптады
Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын УОБДД пресс-кызматынын маалыматына ылайык, 7-январь кечинде Бишкек–Кара-Балта трассасында калың туман орношуучу болду. «Туман аба ырайынын кескин начарлашынан жана температуранын төмөндөшүнөн улам автодорогага каптап калды. Жүргүнчүлөргө этият болууну сунуштайбыз», - деп эскертишти пресс-кызматтан.
Москва районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү да жүргүнчүлөрдү этият болууга чакырды: «Туманга байланыштуу белгиленген ылдамдыкты ашырбоону, коопсуз аралыкты сактоону, каршы тилкеге чыкпоону жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону катуу сунуштайбыз», - деп айтылат ООБДДнын билдирүүсүндө.
Окшош материалдар:
