МИД КР Ирандагы нааразылык акцияларында жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди
Учурдагы окуяларга байланыштуу министрлик кыргызстандыктарга Иранга баруудан алыс болууну, эгер абдан зарыл болмосо, сунуштайт.
Иранда болуп жаткан жарандарга абдан этият болуу, адамдардын топтолгон жерлеринен жана нааразылык акцияларынан качуу, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткаруу, ошондой эле өздүк документтерин жана Кыргыз Республикасынын элчилигинин байланыш маалыматтарын алып жүрүү сунушталууда.
HRANA укук коргоо уюмунун маалыматына ылайык, акыркы он күндүн ичинде Ирандагы нааразылык акциялары учурунда кеминде 36 адам каза болду, алардын 34ү акцияларга катышуучулар, ал эми экөө — күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Иран бийликтери укук коргоо органдарынын үч кызматкеринин гана өлүмүн мойнуна алышты, деп билдирет BBC.
Ошондой эле HRANA нааразылык акциялары учурунда 60тан ашык жаракат алган жана 2 076 киши кармалганын маалымдады. BBC Persian 20 адамдын өлүмү тууралуу маалыматты тастыктады.
Ирандагы нааразылык акциялары 2025-жылдын аягында башталды, ал кезде ишкерлер экономикалык абалдын начарлашына жана иран риалынын курсу 50% га төмөндөшүнө нааразычылык билдиришкен. 2025-жылдын декабрында инфляция 42,5% га жетти. 30-декабрдан тартып нааразылык акцияларына студенттер кошулду, акциялар өлкө боюнча жайылды.
Дүйнөлүк маалымат каражаттарынын баамында, учурдагы нааразылык акциялары 2022-жылдагы Махса Амининин өлүмүнө байланыштуу башталган башаламандыктардан бери эң ири масштабда болуп жатат. Associated Press 2026-жылдын 1-январына карата Ирандын төрт шаарында кеминде жети өлүм катталганын, нааразылык акциялары көптөгөн айылдарга жайылганын билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында тынч нааразылык билдиргендерге колдоо көрсөтүп, иран бийлигинин катаал репрессиялары болгон учурда аракет кылууга чакырды.
Окшош материалдар:
