
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Жогорку Кеңештин жыйынында бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган бейтаптарга мамлекеттик каржылоонун берилерин билдирди.
Осмоновдун белгилөөсү боюнча, бул чечим 2021-жылы президенттин жана парламенттин демилгеси менен кабыл алынган.
«Гемодиализ үчүн 2025-жылы мамлекеттик бюджеттен 3,5 миллиард сом бөлүнөт. Президенттин тапшырмасы боюнча, өлкөдө органдардын трансплантациясы программалары активдүү өнүгүп жатат. Бөйрөк трансплантациясы операциялары Кыргыз-түрк ооруканасында жана Ош мамлекеттик университетинде жүргүзүлөт. Жалпысынан Кыргызстанда 82 бөйрөк трансплантациясы жүргүзүлгөн, анын 40ы мамлекеттик каржылоонун эсебинен жасалган. Атап айтканда, 2024-жылы 21 операция акысыз, 2025-жылы 16, ал эми бүгүнкү күндө 2026-жылы 3 операция жүргүзүлдү», - деп кошумчалады министр.