
Расмий медицинада дарыгерлер дары-дармектерди гана эмес, витаминдерди жана биологиялык активдүү кошумчаларды (БАДдарды) да жазып бере алышат. Бул тууралуу «Элден Собол» берүүсүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди.
Ал БАДдардын коопсуздугун мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү милдеттүү экенин белгиледи. Дүйнөлүк практикада дарыгерлер ушундай кошумчаларды жазып берүүгө мүмкүнчүлүк алышат, эгерде лабораториялардан жана мамлекеттик структуралардан алардын коопсуздугу тууралуу тастыктоо болсо.
«БАДдар жардамчы тамак-аш элементтери гана экенин жана ооруларды дарылоого арналбаганын түшүнүү маанилүү. Мисалы, кыш мезгилинде витаминдердин жетишсиздиги байкалганда, дарыгерлер иммундук системаны колдоо үчүн микроэлементтерди же витамин комплексин сунуштай алышат», - деп кошумчалады Осмонов.
Ал ошондой эле БАДдар үчүн лицензиялар берилбестигин, анткени лицензиялоого дары-дармектер гана кирээрин баса белгиледи. Тилекке каршы, өлкөгө контрафакттык жана контрабандалык кошумчалар келе берүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги мындай учурлар тууралуу укук коргоо органдарына маалымат берүүдө. «Биз бул агымды токтото албайбыз. Бир тешикти жапканда, дайыма башкасы ачылат», - деп жыйынтыктады ал.