
«Элден Собол» программасында КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Аман Осмонов көптөгөн элдик дарылоочулар тарабынан колдонулган чөптөрдүн жыйнактары медициналык препараттар эмес, болгону биологиялык активдүү кошумчалар (БАДдар) экенин белгиледи.

Мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана биологиялык активдүү кошумчаларды өлкөгө киргизүүгө уруксат берилет. Ал эми мындай кошумчаларды колдонуу үчүн, алар лабораторияда курамы жана натыйжалуулугу боюнча текшерилиши керек.
«Мен жарандарга биринчи кезекте маалыматты кылдат текшерүүнү, лицензиялардын жана мындай адамдардын легалдуулугун текшерүүнү сунуштайм», - деп жыйынтыктады Аман Осмонов.