Бишкекте Улуттук оорукананын базасында референс-лаборатория түзүлүүдө
Бишкекте Улуттук оорукананын базасында референс-лабораторияны түзүү боюнча маанилүү долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Жакында Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Улуттук оорукананы зыярат кылып, анын иши менен таанышып чыкты.
Оорукананын башкы дарыгери Бакыт Тологонов тарабынан берилген маалыматка ылайык, учурда лабораторияны жайгаштыруу үчүн имараттын оңдолушу жүрүп жатат. Жумуштардын апрель айынын аягына чейин аякталышы күтүлүүдө. Андан кийин керектүү жабдууларды орнотуу, кызматкерлерди окутуу жана лабораторияны толук ишке киргизүү башталат.
Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда жана шаардагы стационарлар үчүн борборлоштурулган лабораториялык базаны түзүүгө багытталган. Бул Улуттук оорукананын лабораториялык изилдөөлөрдү борборлоштуруп жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берет, бул болсо диагноздордун сапатын кыйла жакшыртат жана изилдөөлөрдө бирдиктүү стандарттарды киргизет.
Долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер бир жылдан бери жүргүзүлүп жатат.
Дагы окуңуз:
Министрдин саламаттык сактоо боюнча орун басары Бишкектеги Улуттук оорукананы жана Адамдын репродукциясы боюнча илимий борборду зыярат кылды
2026-жылдын 28-февралында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир...