Жайыл районундагы ооруканада заманбап электрондук-оптикалык өзгөрткүч орнотулду
Бөлүмдүн башчысы, Алымбек Турдугул уулу, бул аппараттын операциядан кийин бейтаптарды калыбына келтирүү процессин кыйла тездетерин белгиледи.
«Биздин бөлүмгө бул заманбап аппарат абдан керек эле. ЭОП аркылуу врач операция учурунда сөөк жана имплантаттын жайгашуусун көрө алат, бул болсо сынган жердин туура ордун табууга жардам берет. Мындан тышкары, бул катачылыктарды убагында аныктоого жана оңдоого, бейтап үчүн ыңгайсыздыксыз ар кандай бурчтан сүрөттөр алууга жана заманбап аз инвазивдүү кийлигишүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деп кошумчалады ал.
Турдугул уулунун айтымында, жабдык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин каржылоосу менен сатып алынган. Учурда өлкөнүн башка райондук мамлекеттик ооруканаларында ушундай приборлор жок, жана бейтаптарды Улуттук ооруканага жөнөтүүгө туура келип жатат.