Учурда парламент Дамирбек Осмоновдун ден соолук министри кызматында дайындалуусун талкуулап жатат.
Кубанычбеков белгилегендей, түрк өнөктөштөрү тарабынан башталган долбоор үчүнчү этабында токтоп калган. «Эгерде долбоор ийгиликтүү ишке ашканда, бул коррупциялык схемаларды жоюуга жана дары-дармектерди түздөн-түз назначениесине жеткирүүгө жардам бермек», - деп баса белгиледи ал.
- Дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын киргизүү 2018-жылы башталган жана 2023-жылдын мартында биринчи этап ишке киргизилген. Соңку маалыматтар боюнча, система алкагында 1955 дарыкана жана 227 медициналык мекеме иштеп жатат.
- Декабрда Ден соолук министрлиги Кыргызстанда дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын 2026-жылдын январь айынын аягына чейин аяктоону пландап жатканын билдирди.