







Бишкекте 18-февралда «Help the Children – SKD» фонду өлкөнүн онкологиялык жардам системасын өнүктүрүү боюнча улуттук конференцияга катышты.
Иш-чарага КРнын саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Алина Алтымышева, НЦОМиДдин директору Шайырбек Сулайманов, өлкөнүн башкы балдар онкологу, НЦОМИДдин балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн башчысы жана «Балдар онкологдору жана онкогематологдору» коомдук уюмунун төрагасы Султан Стамбеков, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр жана кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү катышты.
Бул конференция рак оорусу менен ооругандарга арналган Эл аралык балдар күнүнө карата уюштурулуп, коомчулукту маалымдуулугун жогорулатуу максатын көздөдү. Иш-чаранын жүрүшүндө акыркы жылдардагы балдар онкогематологдорунун жетишкендиктери көрсөтүлүп, узак мөөнөттүү максаттар талкууланды жана балдар рагы боюнча пайдалуу маалымат берилди.
Конференция мамлекеттик структуралардын, медициналык коомчулуктун, кайрымдуулук уюмдарынын жана бизнес секторунун онкологиялык ооруга чалдыккан балдарга көрсөтүлгөн адистештирилген жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга багытталган аракеттерин бириктирүү үчүн маанилүү платформа болду.
«Help the Children – SKD» фонду ата-энелер жана дарыгерлер үчүн онкологиялык эскертүү боюнча сунуштар менен брошюралар жана плакаттар түрүндө маалыматтык материалдарды сунуштап, өз салымын кошту. ```