Онкология борборунда 35 миңден ашык адам каттоодо турат
Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев билдиргендей, мекемеде 35 миңден ашык адам каттоодо турат. Бул маалымат «Кабар» агенттигинин «Элден собол» программасында айтылды.
Ал жыл сайын 6,5 миң жаңы оорулуу катталат деп кошумчалады. Тилекке каршы, бул бейтаптардын жарымынан көбү диагноз коюлган биринчи жылы эле каза болуп калат.
«Жогорку өлүм-житимдин негизги себеби — дарыгерлерге кеч кайрылуу. Көптөгөн бейтаптар онкологиялык оору бар экендиги тууралуу маалыматы жок же зарыл болгон текшерүүлөрдү өткөрбөйт, бул ооруунун өнүгүшүнө алып келет. Учурда оорунун төрт стадиясы белгиленет, жана 50% дан ашык бейтаптар 3-4 стадиясында, оору өтүшүп кеткен учурда консультацияга келишет. Ошондуктан алардын көбү диагноз коюлган биринчи жылдын аягына чейин жашабайт. Мындай статистика Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө байкалат. Дүйнөлүк маалыматтар боюнча, жыл сайын 600 миңден ашык жаңы рак учурлары катталат, алардын болжол менен 350 миң бейтапы биринчи жылы эле каза болуп калат», — деп белгиледи Нурбек Букуев.