2025-жылы Кыргызстандагы стационарларда 1,1 миллионго жакын госпитализация учурлары катталды
Госпитализациялардын жалпы санынын 419 миңден ашыгы (36% түзөт) 18 жашка чейинки балдарга тиешелүү.
Медициналык жардам көрсөтүү шарттары төмөнкүдөй:
- 6 жашка чейинки балдар үчүн: Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, бул категория толугу менен кошумча төлөмдөн бошотулган. Дарылоо, диагностика жана Жашоого маанилүү дары-дармектердин Тизмесинен акысыз берилет.
- 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн: Бул жаш курагына орто кошумча төлөм каралган, анын өлчөмү бөлүмдүн профилине (терепевтикалык же хирургиялык) жана медициналык мекеменин деңгээлине жараша болот.
Пландык госпитализация боюнча:
1. Пациентке бекитилген үй дарыгери же педиатр тарабынан жөнөтүү кагазы болушу керек.
2. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк көрсөтүлүшү талап кылынат.
Эгер жөнөтүү кагазы жок болсо, пландык дарылоо медициналык мекеменин кассасында максималдуу кошумча төлөм тарифине ылайык төлөнөт. Жедел госпитализация учурда, тез жардам кызматы аркылуу жүргүзүлгөндө, жөнөтүү кагазы талап кылынбайт жана жардам дароо көрсөтүлөт.
Дагы окуңуз:
Без изображения
Антимонополия инженердик-изилдөө иштеринин баа тизмесин макулдады
Curl error: Operation timed out after 120001 milliseconds with 0 bytes received...
Кыргызстандагы ооруканаларда бир жылда 1,16 млн госпитализация учурлары катталды
2025-жылы Кыргызстандагы ФОМС менен келишим боюнча иштеген стационарларда 1 миллион 165 миң 676...