Ал өз сөзүндө төмөнкү маалыматтарды сунуштады:
- Даун синдрому: 2022-жылы 135 бала, 2023-жылы 135 жана 2024-жылы 161;
- Аутизм: 2022-жылы 99 бала, 2023-жылы 90 жана 2024-жылы 82;
- Балдардын церебралдык параличи: 2022-жылы 753 бала, 2023-жылы 586 жана 2024-жылы 527.
Депутат Жылдыз Садырбаева маалыматтардагы айырмачылыктар боюнча тынчсыздануусун билдирип, алардын бириктирилиши үчүн борборлоштурулган маалымат базасын түзүүнү сунуштады.
Бул боюнча Айбек Маткеримов, мындай базаны түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын жана акыркы стадияда экенин билдирди.