Министрлик чет өлкөлөрдөгү стажировкалар программасын кеңейтүүнү пландаштырууда
2025-жылга арналган жыйынтыктык коллегияда сүйлөгөн сөзүндө ал, Министрлик эл аралык өнөктөштөр менен медициналык адистерди даярдоо боюнча активдүү кызматташып жатканын белгиледи. Бул, өзгөчө, Россия, Түркия, АКШ жана башка өлкөлөрдөгү медициналык мекемелерге тиешелүү.
Министрдин түшүндүрмөсүнө ылайык, мурда КГМАнын чет өлкөгө билим алууга жөнөтүлгөн ординаторлорунун саны чектелген болсо, келечекте бул практика кыйла кеңейтилет.
«Биз чет өлкөдө билим алып, стажировкадан өтө турган адистерибиздин санын көбөйтүүгө умтулабыз. Бул амбициялуу долбоор, бирок ишке ашырууга мүмкүн. Бизде сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн өнөктөштөр бар», - деди Досмамбетов.
Ал ошондой эле февралдын башында Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушуу пландалып жатканын кошумчалады. Талкууланчу негизги аспектилердин бири Кыргызстандык медиктер үчүн стажировкалардын квоталарын көбөйтүү маселеси болот.
«Биз россиялык тараптын биздин адистерди стажировкага өз эсебинен бир жылдан төрт жылга чейин кабыл ала турганына үмүттөнөбүз», - деп кошумчалады министр.