
Жогорку Кенештин депутаттары балык чарбасы боюнча субсидияларга байланыштуу «Дүйнөлүк соода уюмунун негизделиши тууралуу Марракеш келишимине» өзгөртүүлөрдү ратификациялоону колдошту. Бул келишим 2022-жылдын 17-июнунда Женевада өткөн Дүйнөлүк соода уюмунун Министрлер конференциясынын Он экинчи сессиясында кабыл алынган.
Балык чарбасы боюнча субсидиялар тууралуу ДСУнун протоколу балык ресурстарын ашыкча пайдаланууга жана жоготууга алып келүүчү зыяндуу субсидияларды азайтууну, ошондой эле эл аралык аренада балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүнү колдойт.