Министрлик Нипах вирусун алдын алуу боюнча кандай иштерди жүргүзүүдө? - депутат

Арестова Татьяна Саламаттык
VK X OK WhatsApp Telegram
Жогорку Кеңештин жыйынында 28-январда депутат Бурун Аманова Индияда кайрадан активдешкен Нипах вирусу боюнча мамлекеттик органдардын аракеттери тууралуу маселе көтөрдү.

«Саламаттык сактоо министрлиги жана Министрлер кабинети кандай чараларды көрүүдө? 2020-жылы эмне болгонун баарыбыз билебиз. Адамдар өмүрүн жоготушкан. Бул кайра кайталанбашы керек. Мамлекеттик органдар вирусунун жайылышын алдын алуу үчүн олуттуу кадамдарды жасоого милдеттүү», - деп белгиледи ал.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: