Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, өлкөдө Нипах вирусу менен инфекциялык оорулардын учурлары жок. Эпидемиологиялык кырдаалга санитардык-эпидемиологиялык органдар тарабынан үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүүдө.
Мүмкүн болгон инфекциянын пайда болушунан коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында кошумча санитардык көзөмөл чаралары киргизилген. Санитардык-карантиндик пункттардагы врачтар келгендердин ден соолук абалын көзөмөлдөп, транспорттун санитардык текшерүүсүн жүргүзүп, актуалдуу нормаларга ылайык алдын алуу иш-чараларын уюштурат.
Өлкөнүн медициналык мекемелери шектүү бейтаптарды эрте аныктоо, изоляциялоо жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча көрсөтмөлөрдү алышты.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) жана башка эл аралык өнөктөштөр менен актуалдуу эпидемиологиялык маалымат алмашуу жана алдын алуу чараларын координациялоо боюнча активдүү кызматташууда.