
Жогорку Кеңештин эмгек, саламаттык сактоо, аялдар маселелери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Эгембердиева тез жардам кызматынын жеткиликтүүлүгү жана натыйжалуулугу менен байланышкан көйгөйлөргө көңүл бурду.
Депутаттын пикири боюнча, такси кызматтарында колдонулгандай санарип чечимдерди киргизүү зарыл. «Азыр таксилер тиркемелер аркылуу иштейт, бул маршрутту жеңилдетет. Бул колдонуучулар үчүн абдан ыңгайлуу. Ошол эле учурда, 103 номерине чалуу күндөн-күнгө кыйын болуп баратат, ал эми тез жардам бригадалары көп учурда кечигип жатат», - деп белгиледи ал.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Айбек Маткеримов, бул сын-пикирлерге жооп берип жатып, тез жардам көйгөйлөрү жалгыз эмес экенин, саламаттык сактоодогу системалык кыйынчылыктар менен байланышканын айтты.
«Министрлик кырдаалды жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда. Шаардын түштүк бөлүгүндө 4-5 жаңы тез жардам станциясын түзүү пландалууда, ошондой эле жаңы унааларды сатып алуу боюнча талкуулар жүрүүдө. Унаалардын жетишсиздиги сезилип жатат, анткени алар шаар боюнча дайыма жүрүп турат. Бул калктын өсүшү менен байланыштуу», - деп кошумчалады ал.
Министрдин орун басары ошондой эле, быйыл Саламаттык сактоо министрлиги тез жардам кызматынын иши менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүү үчүн конкреттүү кадамдарды жасоону пландап жатканын билдирди.