Министрлик ири шаарларда мамлекеттик лабораторияларды курууну пландаштырууда
Маткеримов мамлекеттик лабораторияларды түзүүнүн негизги максаты — жеке мекемелер көп учурда өз кызматтарына жогору баа коюп жаткан рынокто атаандаштыкты өнүктүрүү экенин баса белгиледи.
Алгач жаңы лабораториялар ири шаарларда ачылат, андан кийин региондорго кеңейтилет. «Мамлекеттик медициналык мекемелерде лабораториялык анализдер үчүн кымбат баалуу жабдуулар бар, бирок алар ар дайым натыйжалуу колдонулбайт. Жергиликтүү тургундар көп учурда жеке лабораторияларга кайрылууга мажбур болушат. Биз системаны борборлоштуруп, бир негизги борбордон баштап мамлекеттик лабораторияларды уюштурууну пландап жатабыз», - деди ал.
Мындан тышкары, Маткеримов мамлекеттик лабораториялардагы кызматтардын баасы жеке лабораторияларга караганда кыйла төмөн болорун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин эске алаарын билдирди, бул аларды калк үчүн жеткиликтүү кылат.