Депутат Талас облусуна нейрохирургдарды жиберүүнү өтүнөт
Ал региондо 270 миңден ашык адам жашаганын, облустук жана борбордук ооруканаларда нейрохирургдардын жок экенин белгиледи.
«Травмалар абдан көп болуп жатат, жана мындай учурларда ар бир мүнөт жана ар бир саат өтө маанилүү. Мурда Бишкектен санитардык авиацияны чакырып, жабыркагандарды ташуу же адистерди борбордон алып келүүгө туура келчү, бул көп убакыт алчу», - деди депутат.
Жумабеков президенттин жана Кабминдин өкүлүнө бул маселени саламаттык сактоо министри менен талкуулоону өтүнүп, Таласка кеминде бир-эки нейрохирургду жөнөтүп, алар үчүн иштеп, элге жардам берүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү сурады.