36 миңден ашык Жалал-Абад облусунун тургундары В гепатитине каршы вакцинациядан өтүштү
Анын маалыматына ылайык, вакцинация «Bevac» препараты менен жүргүзүлүүдө. «Бул жылы өлкөдө гепатит Bнин жайылышын алдын алуу максатында ири масштабдагы эмдөө кампаниясы башталды. Негизги көңүл 25тен 65 жашка чейинки жарандарга бурулат, ал эми биринчи кезекте жогорку тобокелдикке дуушар болгон топтор эмделет», — деп белгиледи координатор.
Мындай топтордун катарына медициналык кызматкерлер, ошондой эле гепатит B менен ооруган адамдар менен байланышта болгон адамдар кирет. Ошондой эле бул категорияга сулуулук салондорунун кызматкерлери (мисалы, чач тарачтар, маникюр усталары жана татуировщиктер), ВИЧ/СПИД менен жашаган адамдар, созулмалу оорусу жана майыптыгы бар жарандар, түзөтүү мекемелериндеги соттолгондор жана аскер кызматкерлери кирет.
Облустук координатордун маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунда 447 939 адам вакцинацияланууга тийиш, алардын учурда 36 928 тургуну эмделген. «Региондогу медициналык мекемелерде болжол менен 30 миң доза вакцина бар, дагы 10 миң доза облустук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кампасына келип түштү. Дарыгерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, вакцинацияны улантууда», — деп кошумчалады Махмаджунус уулу.
Учурда медициналык көзөмөлдө гепатит B, C жана дельта формасы менен ооруган 5 721 адам бар.
Дагы окуңуз:
Кыргызстандын өкмөтү атайын иш түрүнө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын жумуш убактысынын узактыгын бекитти
Эмгек шарттары өзгөчө болгон кызматкерлердин категориялары жана алардын жумуш убактысы боюнча...