Кыргызстанда бир жумада 15 миң 869 ОРВИ жана грипп учурлары катталды
12-18-январь аралыгында Кыргызстанда 15 869 ОРВИ жана грипп оорусу катталды. Бул өткөн жумага салыштырмалуу 28,8% га көп, деп билдирет Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти. Эпидемиологдордун маалыматына ылайык, өлкөдөгү учурдагы абал туруктуу бойдон калууда.