Минкультуры жана ЮНЕСКО эксперттери «Сулайман Тоо» буфердик аймагын оптимизациялоону талкуулашты
Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, эксперттердин бул визити Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-октябрында кабыл алынган Дүйнөлүк мурас объектиси үчүн буфердик зонасынын чектеринин оптимизациясы боюнча буйругун ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат. Эксперттердин миссиясы Кыргызстанда 7-12-январь аралыгында болот.
Топтун курамына кирет: Казакстан Республикасынын ЮНЕСКО жана ИСЕСКО боюнча Улуттук комиссиясынын мүчөсү, жакшы ниет элчиси Дмитрий Воякин, Непалдын ICOMOS уюмунун мурдагы президенти жана Азия-Тынч океан аймагы боюнча ICOMOSтун Регионалдык тармагынын координатору Кай Вайзе, ошондой эле маданий Дүйнөлүк мурас боюнча адис Наргиз Айтуганова.
Эксперттер өз визити учурунда буфердик зона чектеринин оптимизациясына багытталган жаңы номинацияны даярдоону пландаштырууда, ошондой эле Дүйнөлүк мурас объектиси боюнча таасирди баалоо жүргүзүшөт.
Жолугушууда «Сулайман Тоо» объектисин сактоо, ЮНЕСКО сунуштарын аткаруу жана жаңыланган номинацияны даярдоо боюнча кийинки кадамдар тууралуу маанилүү маселелер көтөрүлдү. Маданият министри эл аралык адистер менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандагы уникалдуу тарыхый-мәдени мурастын сакталуусу үчүн толук кызматташууга даяр экенин билдирди.
Окшош материалдар:
