АКШда вице-президент Вэнстин үйүнө кол салуу болду
CNN телеканалынын маалыматына ылайык, окуя 5-январь түнүндө болгон. Жергиликтүү жаңылыктар булактары тарабынан жарыяланган сүрөттөрдө Вэнс үйүнүн жабыркаган терезелери ачык көрүнүп турат.
Секрет кызматтын өкүлү билдиргендей, азырынча жеке маалыматы такталбаган чоң кишини кармашкан. Ал вице-президентке байланыштуу үйдүн фасадындагы терезелерди талкалоо сыяктуу зыян келтирүүдө айыпталууда.
Маалыматка ылайык, Джей Ди Вэнс жана анын үй-бүлөсү окуя болгон учурда үйдө болушкан эмес.
Эл аралык маалымат булагы: iz.ru
Окшош материалдар:
