Кабмин башчысы ЕАЭСтеги кесиптештерине эмгек мигранттарынын жана товарларды жеткирүүнүн көйгөйлөрүн эске салды
27-мартта, Казакстанга болгон сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамындагы жыйынына катышты. Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришкендей, докладында ал Евразия экономикалык биримдигинин акыркы беш жылдагы социалдык жана экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу айтып, бир катар актуалдуу темаларды көтөрдү.