
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгына байланыштуу маанилүү маселелер, ошондой эле эл аралык мүнөздөгү бир катар темалар талкууланды.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин.
Пресс-кызматтын маалыматына ылайык, өлкө лидерлери эки тараптуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделип, мындан ары чыңдоого болгон ниеттерин билдирди. Алар Кыргызстандын жана Россиянын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин баса белгилеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык аспекттерди камтыган кызматташтыктын негизги багыттары боюнча пикир алмашышты.