
Бул күнү, 7-апрелде, Кыргыз Республикасының мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев 2010-жылдагы апрель окуяларында курман болгондорду эскерди, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Иш-чаранын алкагында ал 2010-жылдагы элдик апрель революциясынын баатырларына арналган эстеликке гүл коюп, ошондой эле эскерүү дубасын окуду.
Иш-чарада президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана башка расмий адамдар болушту.