КРда 2026-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 60 пайызга жеткирүү ниети бар
Назира Жусупбекова Билим берүү министрлиги мектепке чейинки билим берүүнү мамлекеттик стратегиясынын жана улуттук саясатынын алкагында өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.
«2025-жылга карата мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо 51% болушу пландалган. 2026-жылга карата бул көрсөткүч 60% га жетиши керек. Бул максатка жетүү үчүн биз жергиликтүү бийлик органдары, донорлор, Курулуш министрлиги жана башка кызыкдар тараптар менен биргеликте активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз», — деди ал.
Министрдин орун басары ошондой эле мамлекеттик-менчик өнөктөштүк алкагында балдар бакчаларын курууга инвестиция салууну каалаган ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берүү программалары ишке киргизилип жатканын кошумчалады. Мисалы, 2025-жылы беш мындай жеңилдетилген насыя берилген, ал каражатка беш жаңы балдар бакчасы курулган.
Ал ошондой эле келишимдин ратификациясы өлкөдөгү мектепке чейинки билим берүү боюнча абалды жакшыртууга арналганын белгиледи. Депутаттар болсо Кыргыз Республикасынын кыйын жеткиликтүү аймактарындагы тургундарды балдар бакчалары менен камсыздоо боюнча аракеттерди күчөтүүгө чакырышты.