ЖК жана Госдуманын спикерлери Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Ирина Орлонская Саясат
VK X OK WhatsApp Telegram
Жогорку Кенеш жана Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикерлери Москвада сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Россияда Кыргызстандын жарандарын миграция, легализация жана медициналык камсыздандыруу маселелери талкууланды.



Москвада Жогорку Кенештин жана Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикерлери ортосунда сүйлөшүүлөр өттү. Бул тууралуу ЖК аппараты маалымдады.

Марлен Маматалиев жана Вячеслав Володин катышкан жолугушуу кыргызстандык депутаттардын Россияга расмий визити алкагында өттү.

Катышуучулар экономика, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Кыргыз тараптын сунушу боюнча, күн тартибине Россиянын аймагында болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын коргоо маселелери, алардын миграциялык статусу, легализация процесси, медициналык камсыздандыруу алуу жана мигрант балдардын билим алуусу боюнча суроолор көтөрүлдү.

Сүрөт www
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: