
Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, жаңы технологияларды киргизүү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун бекемдөө үчүн тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Филипп Амон президентке экономиканы ачык кылууга жана мамлекеттик башкарууну жакшыртууга, ошондой эле өлкөнүн экономикалык суверенитетин бекемдөөгө багытталган заманбап технологиялык чечимдерди сунуштады. Ал салык администрирлөөсүн жакшыртуу, көлөкө экономика менен күрөшүү жана товар жүгүртүүлөрү боюнча көзөмөлдү күчөтүү аркылуу салык кирешелерин көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурду.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Швейцариялык компаниянын өкүлдөрү мындай чечимдерди киргизүү экономикалык коопсуздукту кыйла жогорулатууга, мыйзамсыз ишмердик менен күрөшүүгө жана мамлекеттик структуралардын ишин жакшыртууга жардам берерин белгилешти.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Жолугушуунун аягында эки тарап кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдиришти.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Маалымат
SICPA SA компаниясы 1927-жылы негизделген, контрабанда жана контрафакттык продукцияга каршы натыйжалуу күрөшүүгө, ошондой эле салык төлөөдөн качууну алдын алууга мүмкүндүк берген мониторинг жана контролдоо технологияларын иштеп чыгууда Швейцарияда лидерлик позицияларды ээлейт. Ал банкноттор үчүн коргоочу боёкторду жана товарларды маркировкалоо, аутентификациялоо жана көзөмөлдөө чечимдеринин дүйнөлүк жеткирүүчүсү катары белгилүү.