
Жолугушууда Грузияда болушу жана эмгек ишмердүүлүгү боюнча эрежелерди талкуулоого негизги көңүл бурулду. Элчи кыргызстандыктарды кызыктырган актуалдуу суроолорго кенен жооп берди.
Ошондой эле Мамытканов өзүнүн визити алкагында Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүгүү министрлигинин Жер үстүндөгү транспорт агенттигинин директору Бакур Микадзе менен жолугушту. Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык авто ташууларга байланыштуу маселелерди талкуулашты.