
Бишкек мэриясынын сүрөтү
Шаар башчысынын айтымында, көйгөй аныкталгандан кийин мэрия суу жыйноочу жайларды тазалоо жана калыбына келтирүү боюнча активдүү аракеттерди баштаган. «2023-жылы биз атайын техниканы колдонуп, суу жыйноочу бассейндерди толук тазаладык. Мурда сегиз бассейн бар эле, азыр он бирге көбөйттүк, дагы бирөө курулуш стадиясында», — деди Джунушалиев.
Ал мындай суу жыйноочу жайлардын негизги функциясы суу жыйноо жана жер аркылуу табигый фильтрациядан өткөрүү экенин, бул жер астындагы булактарды толуктоого жардам берерин түшүндүрдү. Бул, өз кезегинде, Орто-Алыш кенинде суу запастарын көбөйтөт, ал болсо борбордун муктаждыктарынын маанилүү бөлүгүн камсыздайт.
Шаар башчысынын айтымында, суу жетишсиздиги көйгөйү негизинен апрель айынан июнь айына чейин, активдүү сугат мезгилинде, суу ресурстарына жүктөм көбөйгөндө, шаар менен айыл чарба ортосунда суу үчүн атаандаштык пайда болгондо байкалган.
Азыр март айы, бизде суу бар. Биз айыл чарба иштеринин башталышына чейин суу жыйноочу жайларды алдын ала толтурууга кириштик, бул шаарды керектүү суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет.
Айбек Джунушалиев
Шаар башчысы «Орто-Алыш» суу алуу жайы Бишкектин таза суу муктаждыктарынын 40%ын жабарын белгилеп, инфраструктураны жана суу жыйноочу бассейндерди иштеп туруу борбордун туруктуу суу менен камсыздоосу үчүн өтө маанилүү экенин айтты. Ал ошондой эле тургундарды сууга кам көрүүгө жана аны үнөмдүү пайдаланууга чакырып, шаарды суу менен камсыздоо чоң күч-аракеттерди жана коммуналдык кызматтардын үзгүлтүксүз ишин талап кыларын баса белгиледи.