
Бул жарлыкка ылайык, Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңеш анын Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына талапкерлигин бекиткенге чейин, МЧСтин башчысы милдетин убактылуу аткарат.
Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңешке министр кызматын ээлөө үчүн макулдашуу алуу үчүн сунушталган.
Ал буга чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары кызматын аркалаган.
Бүгүн ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов кызматынан бошотулду.