Депутат бийликке сапаттуу журналистиканы өнүктүрүүнү колдоону сурады
Анын айтымында, учурда журналисттердин айлык акысы 13 миңден 20 миң сомго чейин өзгөрүп турат, ал эми максималдуу айлык акы 30 миң сомду түзөт.
«Бул суммалар кесиптик журналистиканын өнүгүшүнө такыр эле жардам бербейт. Учурда ал улам көбүрөөк популизмге окшошуп, чыныгы журналистиканын стандарттарынан алыстап баратат, ал эми иликтөө иштеринин дээрлик жоголуп бара жатканы, басма сөз басылмаларынын жабылып жатканы байкалууда. Адамдар маалымат каражаттарында берилген маалыматка ишенүүнү улантууда», — деди Аманова.
Ал журналистиканы жогорку деңгээлге көтөрүү жана маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин актуалдуу көйгөйлөрүн, анын ичинде турак жай жана айлык акыны жогорулатуу маселелерин комплекстүү чечүүнүн зарылдыгына көңүл бурду.
Депутат ошондой эле жазуучуларды колдоонун маанилүүлүгүнө басым жасады.