Социалдык тармактар аркылуу жарыяланган кайрылуусунда, дипломат элчилик студенттер, зыяратчылар жана Сауд Аравиясында убактылуу жашаган кыргызстандыктар менен туруктуу байланышта экенин баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал муфтият, Улуттук дин иштери агенттиги жана кыргыз коомчулугу менен биргеликте зыяратчыларга жардам берүү жана алардын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча оперативдүү штабдык топтор түзүлгөнүн кошумчалады.
Марипов ошондой эле төмөнкү аспектилер боюнча маалымат берди:
- Сауд Аравиясындагы аэропорттор туруктуу режимде иштеп жатат;
- Ички авиаперевозкалар үзгүлтүксүз өтүүдө;
- Кээ бир эл аралык авиакомпаниялар рейстердин санын кыскартышты, бирок саудиялык авиакомпаниялардын учуулары график боюнча жүргүзүлүүдө;
- Көршү Бахрейнде турган жарандар менен туруктуу байланыш орнотулган — 35 адам байланышка чыкты.
«Биз кырдаалды реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүп жатабыз. Эгерде тобокелдиктерди жараткан өзгөрүүлөр болсо, биз дароо жарандарбызды маалымдайбыз жана зарыл чараларды көрөбүз. Жараткан Алла тынчтык берсин, жана эч жерде согуш болбосун», — деп жыйынтыктады элчи.