Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө болгон кыргызстандык жарандар өзгөчө этият болушу керек: расмий маалымат булактарына көңүл буруп, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарып, адамдардын топтолгон жерлеринен качып, мүмкүн болсо үйдө калуу маанилүү. Ошондой эле текшерилбеген маалыматтарды бөлүшпөөгө жана стратегиялык мааниси бар объектилердин жанында болбоого кеңеш берилет.
Мындан тышкары, кыргызстандыктар алдын ала авиарейстердин графигин текшерип, аскердик коркунуч жогору болгон өлкөлөрдөн мүмкүн болушунча эрте чыгып кетүүнү карап көрүшү керек. Убакытча, абал стабилдешкенге чейин регионго сапарларды токтотуу сунушталат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги абалды байкоону улантууда жана кандайдыр бир өзгөрүүлөр тууралуу оперативдүү маалымдай турганына убада берет.
Эгер зарыл болсо, жарандар төмөнкү байланыштарга кайрылышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти: +996 999 312 002;
- Кыргыз Республикасынын Кувейттеги элчилиги: +965 50887691;
- Кыргыз Республикасынын Катардагы элчилиги: +974 50667001;
- Кыргыз Республикасынын САдагы элчилиги: +966 583769945;
- Кыргыз Республикасынын БАЭдеги элчилиги: +971 522255269;
- Кыргыз Республикасынын Дубайдагы Генералдык консулдугу: +971 522918840;
- Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилиги: +982122830354, +989352505229;
- Израиль: +972 54 962 2341, +972 35226744.