Кыргызстандыктарга массалык жыйындарга жана демонстрацияларга катышуудан качууну, ошондой эле ар дайым жеке күбөлүгүн алып жүрүүнү сунушташат. Мындан тышкары, иммиграциялык документтердин актуалдуулугун жана алардын күчүндө болуу мөөнөтүн көзөмөлдөө маанилүү.
Эгер жардамга муктаждык туулса, кыргызстандыктар АКШдагы Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнө кайрылышы мүмкүн.
Тез байланыш үчүн байланыш маалыматтары:
- Вашингтондогу Кыргыз Республикасынын элчилиги: +1 202 449 98 22, +1 202 256 2924.
- Чикагодагы Генералдык консулдук: +1 312 994 24 16, +1 312 929 34 42.
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002.
- Электрондук почта: [email protected], [email protected].