
Маалыматка караганда, убактылуу бошотуу чечими Жээнтаевдин туугандарынын кайрылуусунан кийин өлкөнүн президент администрациясы тарабынан кабыл алынган.
ГСИНдин маалыматы боюнча, конвойлор аны жакынкы күндөрдө жерге коюу зыйнатына алып барышат.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын февралында Бишкектин Первомай райондук соту Жээнтаевге 278-берене, 3-бөлүм "Массалык башаламандыкка чакыруу" жана 332-берене, 1-бөлүм "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү" боюнча алты жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Эрнис Жээнтаев, бир нече маалымат каражаттарында дизайнер болуп иштеген, 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал буга чейин күнөөлүү деп табылган. Адвокат Нурбек Сыдыков жана туугандары бул чечимди жогору турган инстанцияларга даттанууну пландаштырууда. Ошол эле учурда адвокат өкүмдүн көчүрмөсү азырынча коргоо тарапка берилбегенин белгиледи.
Сүрөт "Азаттыктан".
Учурда соттолгон адам Бишкектеги тергөө абагында жатат.