Депутат тергөө абагындагы кармалгандарды тамак-аш менен камсыздоого чакырды
Парламент мүчөсүнүн айтымында, кармалгандардын үй-бүлөлөрү кайрылышкан, алар жакындарынын ИКда тиешелүү тамак-аш ала албагандыгына нааразы болушууда.
«Туура, туугандары күнүгө үч жолу тамак алып келишет, бирок анын бардыгы тергөө астындагы адамдарга жетпейт. Алардын кылмышкер эмес экенин, күнөөсү далилденбегенин эске алууну суранам. Алардын тамактануу укуктарын камсыздоо керек», — деди Мавлянова, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) өкүлдөрүнө кайрылып.
ЖАМКнын орун басары Нурлан Сарчаев ИКда үч маал тамактанууга күнүнө 120дөн 160 сомго чейин каражат бөлүнөрүн билдирди.
Бирок депутат бул маалыматтар көп учурда формалдуулук болуп калаарын жана чыныгы абалды чагылдырбай турганын баса белгиледи.