
Бул дайындоолорду Жогорку Кеңеште президенттин жана Министрлер кабинетинин туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев сунуштады. Кандидатуралар боюнча маселелер талкууланган соң, парламент тиешелүү чечим кабыл алды.
Жыйында депутаттар суу ресурстары, айыл чарба жана саламаттык сактоо тармагындагы комплекстүү маселелерди чечүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.
Улан Бакасов Нарын облусундагы суу жетишсиздиги жана сутка бою жөнгө салуучу бассейндерди куруу зарылдыгы сыяктуу көйгөйлөрдү белгиледи. Гуля Кожокулова суу чарба тармагын өнүктүрүүдө комплекстүү мамиленин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Медициналык мекемелерди кадрлар менен камсыздоо маселесин Таалайбек Сарыбашов көтөрдү.
Жаныбек Аматов аймактык ооруканаларды заманбап жабдуулар менен жабдуу зарылдыгын белгилеп, бул медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга көмөк көрсөтөрүн айтты. Жылдыз Садырбаева баштапкы медициналык-санитардык жардамды күчөтүүгө жана оорулардын алдын алуу чараларын жана эрте диагноз коюуну өнүктүрүүгө багытталган структуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады. Махабат Мавлянова органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө көңүл бурууну чакырды.