
Президент 2025-жылы Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрүнүн ийгиликтүү өткөрүлүшүн баса белгилеп, жакын арада Москвада ачыла турган Кыргыз илим жана маданият үйү маданий байланыштарды бекемдөөгө жардам берет деген үмүтүн билдирди.
Швыдкой 2028-жыл, Чингиз Айтматовдун жүз жылдыгы белгиленчү жыл, эки өлкөнүн элдери үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи. Мындан тышкары, бул Лев Толстойдун эки жүз жылдыгы да. Ал бул маанилүү даталарды биргелешип майрамдоо үчүн Россия жана Кыргызстан вице-премьер-министрлеринен турган биргелешкен уюштуруу комитетин түзүүнү сунуштады.
КР президентинин администрациясынын сүрөтү.
Жолугушуунун аягында эки тарап өз ара кызматташууга болгон кызыгуусун тастыктап, маданият жана гуманитардык диалог тармагындагы биргелешкен аракеттер эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жардам берет деген ишенимин билдиришти.

КР президентинин администрациясынын сүрөтү.