Депутат студенттердин мамлекеттик мектептерде жана медициналык мекемелерде иштеген стажын эске алууну сурайт
Депутаттын билдирүүсүнө караганда, медицина жана педагогика боюнча бюджеттик негизде билим алып жаткан көптөгөн студенттер кадр жетишсиздигинен улам мамлекеттик мектептерде жана ооруканаларда иштешет.
«Алар расмий эмгек келишимдерин түзүшүп, эмгек китепчелерин алышып, толук жумуш сааттарын аткарышып, мамлекетке реалдуу кызмат көрсөтүшөт. Бирок, алардын окуу учурундагы жумуш убактысы милдеттүү эки жылдык кызмат стажына эсептелбейт, бул менин оюмча адилетсиз», — деди Сурабалдиева.
Депутат, эгер студент мамлекеттик мектепте же медициналык мекемеде расмий негизде иштесе, анда бул убакыт анын стажына жана милдеттүү кызмат мөөнөтүнө эсептелиши керек экенин баса белгиледи. Бул, анын пикиринде, кадр жетишсиздиги маселесин чечүүгө, жаш адистерди колдоого жана ушул тармактарда туруктуулукту камсыз кылууга жардам берет», — деп кошумчалады ал.