Токмоктогу мал базарында курал сатылган. Шектүүлөр кармалды

Ирэн Орлонская Саясат
VK X OK WhatsApp Telegram
Курал-жарак мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылган шектүүлөр кармалды, 24-февралда Чүй облусунун ИИБнин маалымат кызматынан билдиришти.

19-январда милицияга Токмок шаарындагы мал базарында курал-жарак мыйзамсыз сатылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("Курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча катталган.

Текшерүү иштеринин алкагында милиция кызматкерлери контролдук сатып алуу жүргүзүп, 1982-жылы туулган С.З. жана 1994-жылы туулган Т.К. кармалды.

Алгачкы шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, төмөнкүлөр табылган:

- 5,6 мм калибрдеги нарезное курал;

- 12 калибрдеги ИЖ-17 модели ружье;

- 16 калибрдеги ружьенин стволу;

- 30дан ашык патрон жана ар кандай калибрдеги гильзалар;

- патрондорду жүктөө үчүн комплекттер;

- 29 өздүк жасалган бычак; диний мазмундагы китептер;

- эки мамлекеттик каттоодон өткөн номердик такта;

- өсүмдүк келип чыккан кургатылган зат (түрү аныкталууда).

Кармалгандар ИВСке жайгаштырылды. Текшерүү жүрүүдө.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: