Депутат никеге киргендер үчүн милдеттүү медициналык текшерүүнү киргизүүнү сунуштады
Ал мисал катары коңшу Өзбекстандын практикасына шилтеме берди: «Бул өлкөдө жаш үй-бүлөлөр үйлөнүүдөн мурун ВИЧ, гепатит жана башка бир катар оорулар боюнча анализ тапшырууга милдеттүү, жана андан кийин гана өз мамилелерин каттоого алышат», — деп белгиледи ал.
Торобекованын айтымында, бул чара жубайлар арасында жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алууга жардам берет. Ал ошондой эле миграция менен байланышкан маселелерге көңүл бурду.
«Биздин жаштар Москва сыяктуу шаарларда жугушу мүмкүн экенин байкап жатабыз. Ата-энелер, уулунун оорусун билип туруп, келинге билдирбейт, ал никеге кирет. Натыйжада инфекция аялына өтүп, ал да ооруйт», — деп баса белгиледи депутат.
Учурда профилдик комитетте депутаттар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген гепатиттер боюнча профилактика жана эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалыматты талкуулап жатышат.