С мая 2026-жылдан баштап Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери 27 тыйынга көтөрүлөт
Министр май айынан баштап ар жыл сайын электр энергиясынын тарифтери мурда бекитилген графикке ылайык жогорулаарын белгиледи.
Ал ошондой эле 2027-жылы 33 тыйынга, 2028-жылы — 39 тыйынга, 2029-жылы — 47 тыйынга жана 2030-жылы — 57 тыйынга жогорулашы пландалууда экенин кошумчалады. Анын айтымында, бул өзгөрүүлөрдөн кийин тариф өлкөдөгү электр энергиясын өндүрүүнүн өздүк наркына ылайык болот.