
Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов куттуктоо сөзүн сүйлөп, өлкөнүн коргонуу жөндөмүн бекемдөө жана армияны колдоо маселелеринин мамлекет үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Мамлекет аскер кызматкерлеринин социалдык коргоосуна өзгөчө көңүл бурат. Биз турак-жай менен камсыздоо, заманбап аскер шаарчаларын куруу жана Ата Мекенди коргоочулардын статусун жогорулатуу боюнча аракеттерибизди улантабыз”, - деп белгиледи министр.
Торжестволук жыйын учурунда "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жеке составын сыйлоо жөнүндө" майрамдык буйрук угулду. Кызматтагы мыкты жетишкендиктери жана аскердик милдетин үлгүлүү аткарганы үчүн офицерлер жана жоокерлер ведомстволук медалдар жана ыраазычылык грамоталары менен сыйланышты.