Сунушталган отчетто Кыргыз Республикасында 68 музей иштеп жаткандыгы, анда 1 291 адам эмгектенип жатканы көрсөтүлгөн. Отчеттук мезгил ичинде 354 экспонат калыбына келтирилген, 2,2 миң жаңы экспонат кошулган, ошондой эле 25,2 миңден ашык бирдик санариптештирүү процессинен өткөн.
Музейлерге 1,2 миллион адамдан ашык киши келген.
Ошондой эле мамлекеттик менчикке бир нече жеке объекттер өткөрүлдү:
- Бишкектеги Алыкула Осмоновдун үй-музеи;
- Ысык-Көл облусунда жайгашкан Жусуп Абдрахмановдун музею;
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кошой-Коргон комплекси;
- Нарын облусундагы Аскар Салымбековдун сүрөт галереясы.
Мындан тышкары, үч музейдин базасында кол өнөрчүлүк борборлору жана төрт маданий-маалымат борбору ачылган, алар келүүчүлөр үчүн өз алдынча кирүү жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.