
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын сүрөтү
Бул жыйындын жүрүшүндө медициналык жабдыктарды санариптик эсепке алуу үчүн колдонулуучу 150 принтер жана 1 миң картридж тапшырылды. Бул жабдыктар жумуш процессин оптималдаштырууга жана Германиянын финансылык колдоосу менен «Саламаттык сактоо V» программасынын алкагында киргизилген SAMEDIS инвентаризация системасын иштетүүгө жардам берет.
SAMEDIS — бул медициналык жабдыктарды эсепке алуу, инвентаризациялоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн атайын санариптик система.
Жыйындын катышуучулары аталган долбоорду ишке ашыруу процессин талкуулашты. Маалыматка караганда, кызматкерлер үчүн тренингдер ийгиликтүү аякталды, ал эми Бишкек жана Чүй облусундагы медициналык мекемелер негизги инвентаризация этаптарын аяктап, учурда маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңыртууда.
«Келечекте маалыматтын сапатын башкаруу жана маалымат базасын жүргүзүү мамлекеттик «Кыргызфармация» ишканасына өткөрүлөт. Бул кадам улуттук саламаттык сактоо системасында ресурстарды башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деп белгилешти Саламаттык сактоо министрлигинде.