
Жооптуу кызматтарга жаңы адамдар дайындалды
Ички иштер министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду: бир нече жетекчилер ээлеген кызматтарынан алынды, бул тууралуу ведомстводо маалымдашты.
Ошентип, 16-февралда Бишкектин Первомай районунун Ички иштер башкармалыгынын орун басары Айзатбек Учбаев кызматтан бошотулду, ал оперативдик иштерге жооптуу болгон.
Мындан тышкары, мурда Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынын кадрлар бөлүмүн жетектеген Руфат Абдуразаков да отставкага жөнөтүлдү.
Ошондой эле, Балыкчынын Ички иштер бөлүмүнүн начальниги Чынгыз Токолдошев кызматтан алынды.
Сүрөт www