
Парламентте жашыруун добуш берүү башталды.
Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунушталган жалгыз адам болду. Учурда парламенттин депутаттары анын кандидатурасы боюнча жашыруун добуш берүүгө катышып жатышат.
Эскерте кетсек, эртең менен Нурланбек Тургунбек уулу спикерлик кызматтан кетүү ниетин билдирип, бул чечимдин ыктыярдуу экенин жана эч кандай тышкы басымсыз кабыл алынганын белгилеген.
Муну менен депутаттар жаңы төраганы тандоо процессин баштоону чечишти жана кеңешүү үчүн тыныгуу жарыялашты, депутаттык топторго өз кандидаттарын сунуштоого мүмкүнчүлүк беришти. Бирок беш депутаттык топ — «Адилет Кыргызстан», «Ала-Тоо», «Ата-Журт», «Мекенчил» жана «Элдик» — альтернативдүү кандидаттарды сунуштаган жок.
Марлен Маматалиевдин спикерлик кызматка дайындалуусу тууралуу ушактар Нурланбек Тургунбек уулунун ыйгарым укуктарын тапшырганы тууралуу расмий жарыядан мурда эле тарап кеткенин белгилеп өтүү керек.
Сүрөт www