
Мамлекетте алар үчүн коопсуздук, татыктуу маяна жана ыңгайлуу эмгек шарттары кандай кепилдиктерге ээ?
Москвадагы жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов азыркы учурда орус медициналык мекемелеринде иштеп жаткан 60 медициналык кызматкер менен жолукту. Жолугушууда ал саламаттык сактоо системасын модернизациялоо боюнча амбициялуу планын сунуштап, Кыргызстанга кайтууну чечкен дарыгерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө убада берди.
Министр быйыл апрель айында мугалимдер жана медициналык кызматкерлер үчүн маяналарды жогорулатуу боюнча президент Садыр Жапаровдун жакындагы билдирүүсүн эске салды. Кутулгандай, дарыгердин орточо маянасы 62 500 сомго чейин көтөрүлөт, ал эми тажрыйбалуу адистер 91 700 сомго чейин табышы мүмкүн.
Бирок, бул демилге социалдык тармактарда сынга алынды: колдонуучулар маяна жогорулатуудан кийин да, ал Москвадагы 110–120 миң сомдон башталуучу ставкалардан кыйла төмөн экенин белгилешти. Мындан тышкары, медициналык мекемелерди техникалык жактан жабдууга жана кызматкерлердин ишмердүүлүгү учурунда коопсуздугун камсыздоого көңүл буруу керек.
Сүрөт www